Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору карап, биринчи окууда жактырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов тааныштырды.
Макулдашуу менен кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана сатып алууга бирдиктүү мамилелер, мамлекеттик сактоонун типтүү келишимине талаптар, кампага кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) укугу белгиленет. Документ Евразия экономикалык биримдигинде кампа күбөлүктөрү менен иштөө практикасын түзүүгө багытталган жана алар ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан бул чөйрөдөгү бирдиктүү талаптардын негизинде өз ара таанууну карайт. Документте ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик контролду камсыз кылуунун багыттарын жана кампа күбөлүгүндө камтылууга тийиш болгон милдеттүү маалыматтар катталат.
Талкуу учурунда депутат Алишер Эрбаев өлкө аймагында иш алып барып жаткан кампалардын санын тактап, алардын эл аралык талаптарга ылайыктуулугуна кызыкты. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев логистикалык борборлордун жетишсиздигинен дыйкандар кыйналып жатканын белгилеп, бул жаатта айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды. “Кампалар боюнча биз дыйкан чарбаларда жардам бере албай жатабыз. Мисалы, быйыл Ысык-Көлдө дыйкандар жетилдирген картошканын баары талаада калды. Чүйдө жашылча өстүргөн фермерлер түшүмдөрүн өз алдынча жерге көмүп, сактап жатат. Айыл чарба министрлиги эмне жумуш алып барды”,-деди депутат.
Ошондой эле комитет “2022-жылы жагымсыз аба ырайынын кесепетинен зыян тарткан республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматын укту.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү