Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 02.12.16.

02-12-2016
08:52

Кечээ, 1-декабрда Төрага Чыныбай Турсунбеков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни жана "Ачык дүйнө" борборунун аткаруучу директору Джон О’Киф менен жолугушту.Тараптар Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багынтында баарлашып, "Ачык дүйнө" борборунун жаңы долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алышты.Төрага Чыныбай Турсунбеков маектештерин АКШдагы Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктап, быйыл эки өлкө ортосундагы алакалардын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгондугуна токтолду. Ал ушул жылдар аралыгында АКШ Кыргызстан үчүн көп колдоолорду көрсөткөндүгүн белгилеп: "Биз АКШнын калкына жана жетекчилигине ыраазыбыз", - деди.Өз кезегинде башка өлкөнүн парламенттери менен АКШ Конгрессинин ортосундагы алакаларды өнүктүрүү максатында Конгресстин 400, Сенаттын 100 өкүлү менен иштешип жатканын маалымдаган Джон О’Киф: "АКШ Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу өзгөчө көңүл буруп жатат" - деп билдирди. Ал эми элчи Шейла Гуолтни АКШ Кыргызстандагы демократиялык багыттагы жаңыланууларды колдоорун белгилеп, мындан аркы байланыштар да өз ара түшүнүшүүнүн жана тең салмактуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде улантыларын айтты.

Эртең, 3-декабрь –ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык  күнү. Бул датаны эске салган депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайларында окуган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар боюнча маалымат алып, алардын саны абдан аз экенин белгиледи. Эл өкүлү алардын санын көбөйтүп, ЖОЖду бүткөндөн кийин жумуш менен камсыздоо керектигин айтты.

                             СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Айбек Алтынбеков дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маселесине токтолуп, аларга талаптагыдай жардамдар – отун-суу, дары-дармек менен камсыздоо маселелери кандай болуп жаткандыгына, алардын иш менен камсыздалышына кызыкты.

                             СНХ.А.АЛТЫНБЕКОВ

Кабыл алынган мамлекеттик кепилдик программасына ылайык 70ке жакын аталыштагы дарылар, андан тышкары анализ тапшыруунун 7 түрү акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалыматтар ар бир ооруканада берилет,- деп түшүндүрдү С.Тойматов.

                            СНХ.С.ТОЙМАТОВ

Айыл жергелеринде дарыканалардын  жоктугу  айрым учурда 50-60 чакырым алыстыкта турган аймактарга дары издеп барууга аргасыз кылган учурлар бар.Бул жагдайга кайрылган Саламаттык сактоо милистрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин генералдык директору Рустам Курмановдун айтымында, азыр айылдарда иштеп жаткан 386 дарыкана бар. Бирок ал жетишсиз. Ошондуктан, алыскы айылдарда дарыканалар жок болгондуктан, мыйзам боюнча медициналык билими бар кесип ээлерине дары сатуу укугу белгиленген.

                           СНХ.Р.КУРМАНОВ

Депутат Гүлшат Асылбаева борбор калаадагы автоунаа майларынын кампасы, Панфилов, Кулатов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөр, “Ала-Тоо” аквапаркы, диний мекеме имаратындагы өрт кырсыктары боюнча маселеге токтолду. Эл өкүлү аталган имараттар башка имараттар менен өтө жакын, жыш жайгашкандыктан өрт өчүрүүчү автоунаалардын кооптуу жайга кириши кыйындагандыгын, көп кабаттуу үйлөргө чыгуучу тепкичтин жапыздыгы, тиешелүү гидранттардын жоктугу сыяктуу жагдайларды тизмектеп, өрт өчүрүүчү кызматты күчтөндүрүп, аларды тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо учурдун талабы болуп жаткандыгына КР Өкмөтүнүн көңүлүн бурду.

                          СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Депутат Бакирдин Субанбеков болсо жааган карга туруштук бере албай сынып жаткан бир катар базарлардын бастырмалары боюнча маселе көтөрүп, кимдир бирөө жоопкерчилик тартабы деген маселени койду.

                          СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2 - декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрүлүп турган шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:10...15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 4...9, Ысык-Көл:3...8 градус жылуу болот. Нарын: -3...-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы 13...15 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 27.11.23.

Бүгүн, 27-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.23.

Бүгүн, 24-ноябрда Элдик депутаттык тобу Ысык-Көл областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.11.23.

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутат  болуп шайланып келген Чынберди Толоновдун ант берүүсү болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22.11.23.

Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 21.11.23.

Бүгүн, 21-ноябрдагы Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20.11.23.

Бүгүн, 20-ноябрдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...