Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин балдары кайрадан Ысык-Көлдө жолугушат

17-06-2016 17:17

Эртеӊ, 18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» борборунда Жогорку Кеӊеш менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, акыркы жылдары салтка айланып бараткан «Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форуму өтөт.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайджандан келген балдар, ошондой эле КМШ ПАА Кеӊешинин Башкы катчысы Алексей Сергеев баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү катышат.

Форум алкагында балдар делегацияларынын визит карточкаларынын бетачары болуп, алардын ортосунда пикир алышуу, тегерек столдор, аргандай сынактар, чеберчилик класстары өткөрүлүп, оюндар ойнолот.

Ошол эле күнү «Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форумунун салтанаттуу жабылуу аземи болуп, биргелешкен долбоордун жыйынтыгы чыгарылмакчы.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 619

Окшош жаңылыктар