Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-декабрдагы жыйыны адаттагыдай эле күн тартиби такталган соң, "Ар кандай маселелер” түрмөгүнөн башталат. “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. “Лотереялар жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору да бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилген. Ошондой эле Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер каралып Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын долбооруна кеткен чыгымдарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматтар дагы угулмакчы.
Кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 миллиард 828,6 миллион сом өлчөмүндө белгиленсе, ал эми бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 150 миллиард 150,5 миллион сомду түзөт,- деп айтылууда. Республикалык бюджеттин тартыштыгы болсо 23 миллиард 321,9 миллион сомго жетет. Аны жабуунун булактары табылгандыгы да айтылды.
Өлкө аймагына келип жаткан дары-каражаттарын каттоодон өткөрүүдө мүчөлүк акы (взнос) алынат. Азыр бардык эсептешүүлөр улуттук валюта менен болсун деген талап коюлуп жаткан менен, фармацевтика жаатында бул маселе ачык бойдон кала берүүдө. Улуттук банк доллар курсун жөнгө салса, ишкерлер бардык эсептешүүлөрдү улуттук валютага которуунун аракетин көрүп жатса, Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти эмнени күтүп олтурушу керек?” – деген суроону депутат Эльвира Суравалдиева койду.
СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА
Ири бизнеске айланган тармактардын бири ушул фармацевтика чөйрөсү. Андыктан ал жерде коррупция жок деп айтууга болбойт,-дейт, -депутат Рыскелди Момбеков.
СНХ.Р.МОМБЕКОВ
Жергебизге келип жаткан дары-дармектер мамлекеттик техникалык регламенттин негизинде чек арадан өтүп келгендиктен, бул жерде Саламаттык сактоо минситрлиги процесске катышкан эмес . Эми 2016-жылы колго алынып жаткан жакшы самаалык бар. Ал 2017-жылы жүзөгө ашырыла турган дары каражаттарынын бирдиктүү базасын түзүү. Анда дары каражаттарынын чек арадан өткөндөн тартып, оорулууга жеткенге чейинки ар бир багыт компьютер аркылуу тыкыр көзөмөлдөнүп турат, - дейт КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Самат Тойматов.
СНХ.С.ТОЙМАТОВ
Саламаттык сактоо милистрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин генералдык директору Рустам Курманов көчө бойлорунда сатылган дары-каражаттарын жоюу боюнча жүргүзүлгөн рейддик иштерде ЖК вице-спикери Алтынай Өмүрбекова жергиликтүү райондук администрацияда жетекчилик кызматта иштеп турганда чоң колдоо көрсөтүп, дары каражаттарынын чар-жайыт сатылышына бөгөт коюуда жигердүү иш алып баргандыгын кошумчалады.
. СНХ.Р.КУРМАНОВ
Депутат Жанар Акаев мугалимдик адистикке окуп жаткан студенттердин стипендиясын 2 эсе жогорулатуу учурдун зарылочылыгы болуп турат деген маселени парламенттин кечээки жыйынында көтөрдү.
СНХ.Ж.АКАЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 1-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрүлүп турган шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен:3...8, Ош, Жалал-Абад:4...9, Ысык-Көл:0...5 градус жылуу болот. Нарын:-5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1-декабрда күн ачык болот. Абанын темпаературасы 6...8 градус жылуу болот.
Бүгүн, 29-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш бир нече ратификациялык майзам долбоорлору менен катар эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 28-ноябрда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын 18- 54-беренелеринин аткарылышы тууралуу” маселе каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 27-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 24-ноябрда Элдик депутаттык тобу Ысык-Көл областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутат болуп шайланып келген Чынберди Толоновдун ант берүүсү болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...