Бүгүн, 19-сентябрда Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү – Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен биргеликте бир катар макулдашуулардын долбоорлорун талкуулашты.
Алсак, жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуулардын долбоорлорун кароо боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Эскерте кетсек, CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү