ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.16.

17-06-2016 09:19

Өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган Ашэра Халикованын ордуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан жаңы депутат болуп келген  Музаффар Исаков парламентте ант берди. Төрага Чыныбай Турсунбеков депутаттардын атынан Исаковго ишине ийгилик, чын ден соолук, узун өмүр каалады.

                            СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

“Жарандарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн стратегиялык программасы болуш керек. Бирок, ал дээрлик жок. Архитектуралык өнүгүүнүн дагы баш-аламандыгын көрүнүп турат. Бул жер тилкелеринин туш келди сатылып кеткендигине байланыштуу. Мындай көрүнүш Бишкек шаарынын чет жакаларында эле эмес, борбордук бөлүгүндө да таасын байкалууда. Заманбап курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегинде чатыры кыйшайган, 1930-жылдары салынган, бийиктиги 2 метрге жетип-жетпеген жепирейген тамдар бар. Алар борбордун архитектуралык  келбетин бузууда. Алардан арылуу үчүн саясый эрк керек. Ошон үчүн биз бир канча депутаттан турган топ “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап олтурабыз”,- дейт демилгечи депутат, “Ата -Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, 16-июнда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.Ө.ТЕКЕБАЕВ

Депутат Жылдыз Мусабекова жол кыймылындагы автоунаалардан балдарын көтөрүп, кайыр сураган жагдай бизнеске айланып бараткандыгына көңүл бурду. Депутат бул кайырчылар жол кырсыктарына себепкерлердин бирине айланып бараткандыгын айтып, коомчулукка собол салып, эгер ал ата-энелер балдарын бага албаса балдар үйүнө өткөрүп берели деген сунуш менен чыкты. Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө кайырчыларга расмий тыюу салынган. Муну тиешелүү мамлекеттик мекеме тартипке салышы керектигин кошумчалады ал.

                            СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Жол кыймылындагы кайырчылардын көйгөйүн улаган депутат Дастан Бекешев да тиешелүү органдар аларга иликтөө жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.

                            СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын тургундарынын айтымында,  такталбаган участокторго жайыт катары өзбек жарандары чыгып жатышат. Жергиликтүү тургундар мамлекеттик бийликке кайрылып,бул маселелерди тезинен чечип берүү талабын коюшууда. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова билдирди.

                           СНХ.К.ОРОЗОВА

Дал ушундай эле маселе - Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагындагы Көк-Таш участогунда да байкалып жаткандыгын депутат Улукбек Ормонов айтып чыкты.

                          СНХ.У.ОРМОНОВ  

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-июнда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:21...26, Талас:20...25, Ош, Жалал-Абад:24...29, Баткен:23...28, Ысык-Көл, Нарын:15...20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы 23...25 градус жылуу болот.


 

Көрүүлөрдүн саны : 1684

Окшош жаңылыктар