Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" эки башка мыйзам долбоорлору каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун транспорт жана коммуникациялар министринин орун орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.
Кодексте жол жээгиндеги тилкеде соода түйүндөрүн, тамактануу, сервис пункттарын куруу жана уюштуруу же жарнамалык такталарды, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөк-жарнактарды, плакаттарды, көрсөткүчтөрдү тиешелүү органдар менен макулдашпастан орнотуу", 41-беренесинде "иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)" эске алынган эмес. Ошондуктан министрдин орун басары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун реконструкциялоодо жана курууда, ошондой эле капиталдык оңдоодо мыйзамсыз орнотулган курулмалар тоскоолдук жаратып, айып пул менен гана чектелерин белгилеп, 41-беренеге, 179-беренени эске алуу менен өзгөртүү киргизүү зарыл- деди.
Талкууда депутат Гүлшаркан Култаева жол жээгинде соода-сатык кылган соодагерлердин орундуктарын демонтаждоодон мурун аларга эскертүү берүү туура болорун айтып, мыйзам элге кесепетин тийгизбеши керектигин белгиледи. Депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн айтып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан курулуштарды бузууга багытталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдоого чакырды.
Экинчи мыйзам долбоору уруксат кагазы жок Кыргызстанга кирип, эл аралык келишимдердин, улуттук ченем актылардын талаптарын аткарбай, тартип бузган чет мамлекеттик автоташуучуларга айып пулдардын өлчөмүн көтөрүү максатында иштелип чыккан. Мындан сырткары, жаңы документте автоташуучулар тарабынан жүктөрдү ташууда салмак-габариттик ченемдерди сактабай, жүктөрдү автоунаага ашыкча жүктөгөн учурда айдоочуларга гана эмес, жүк ээлерине да айып пул салуу жагы каралган.
Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоого алды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү