Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Азербайжан Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралды.
Макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев тааныштырды.
5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми 12,32 гектар - инфрастурктура же мейманкага курулган жер.
Талкуу учурунда депутат Улукбек Ормонов Ысык-Көл жээгинде Казакстанга берилген пансионаттардын экөө бир топ жылдардан бери салык төлөбөй келгенин, келишимде жазылган шарттар аткарылбай жатканын белгиледи. Депутат эки тараптуу келешимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу пансионаттардын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу маселесине көңүл бурду. Экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов билдиргендей, Казакстанга берилген 4 пансионат коңшу өлкөнүн министрликтеринин алдында болгондуктан капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө каражаты жок экендигин айткан. Жакынкы күндөрү макулдашууну аткаруу маселеси боюнча эки тараптуу талкулоо болот – деди министрдин орун басары.
Депутат Гүлшаркан Култаева Азербайжан тарапка берилүүчү жерге курулуучу мейманканалардын орундугу, эс алуу жайларынын куруу шарттарына кызыкты. Ошондой эле эл өкүлү пансионат курулушунда салык жана бажы жеңилдиги менен алынып келинүүчү курулуш материалдарынын санын жана суммасын тактап, аткезчилик көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков 3 жылдын ичинде мейманкананы толук кандуу куруп бүтүрүү мүмкүн эместигин айтып, анын мөөнөтүн так белгилөө сунушун көтөрдү.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган макулдашуунун долборун колдоого алышты.
Мындан сырткары, комитет “Ички жер которуу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, колдоого алышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга санариптик өнүктүрүү министри Динара Кутнаева тааныштырды.
Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгү концептуалдык жактан өзгөртүлүп, жарандарды жашаган жерин алмаштырган сайын жазуу жүзүндө же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы же мобилдүү тиркеме аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жаңы даректерди көрсөтүү менен жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттендирген ченем каралган. Мында жаранды жаңы жашаган жери боюнча каттоо арыз келип түшкөн күнү турак жай берген адам тарабынан турак жайды берүү фактысы жазуу жүзүндө же онлайн түрдө ырасталгандан кийин жүргүзүлөт, ошондой эле онлайн каттоодо жарандарды жашаган жери өзгөргөндө каттоонун тартиби, ошондой эле колдонуучуларды аутентификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталат деп болжолдонууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү