Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов.
Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Чыңгыз Ажыбаев кыскача маалымат берди.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Султанбай Айжигитов мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын кошумчалады. «Мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-1-пунктун толуктоо сунушталууда, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык стратегиялык пландаштыруу чараларды ишке ашырат», - деп белгиледи С.Айжигитов.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, Министрлер кабинети мамлекеттик стратегиялык башкаруу боюнча чараларды көрүлүп жаткандыктан бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы. Талкууда Гуля Кожокулова белгилегендей, мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети стратегиялык пландаштыруу иш-чараларын анын негизинде ишке ашыра турган норма сунушталууда. «Кандай карама-каршылыктар бар? Эмне үчүн министрлер кабинети буга каршы? Сиз стратегиялык пландаштырууга каршысызбы?», - деп кошумчалады Г.Кожокулова.
Депутат Мейкинбек Абдалиев стратегиялык пландаштыруу механизмдерин тактап, министрлер кабинетинин корутундусуна көңүл бурду. Депутат Султанбай Айжигитов мыйзам долбоору мамлекеттик стратегиялык башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга каршы келбей турганын белгиледи.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү