Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары Каракол шаарына иш сапары менен барып, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында жыйын өткөрүштү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Күн тартибиндеги негизги маселелерден бири болуп “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы иш башталгандан бери Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация тарабынан 2435 жарандан арыз кабыл алынып, анын ичинен 1749 жарандын жерге болгон укугу такталган. Жыйынтыгында 777 жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт берилген.
Иш сапардын жүрүшүндө комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев жер-жерлердеги жыйындар комитет мүчөлөрү жана башка кызыкдар тараптар үчүн айыл, суу чарба, экологиялык саясат жана аймактарды өнүктүрүү маселелерин кеңири талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн айтып, жолугушуунун максаты райондордун орчундуу көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу жана калктын суроо-талаптарын угуу экенин белгиледи.
Муну менен катар, жыйында “Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы экологиялык-экономикалык абал тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-апрелиндеги, 2022-жылдын 19-сентябрындагы, 2023-жылдын 11-апрелиндеги жана 2023-жылдын 26-июнундагы чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” маалымат угулду.
Көчмө жыйындын соңунда комитет мүчөлөрү жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү, аймактын социалдык муктаждыктарын чечүүгө көмөк көрсөтүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого убада беришти.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү