Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Талайбек Масабиров: "Жол эрежесин бузуудагы айып пулдарга эми үстөк туумдар кошулбайт"

18-09-2023
17:35

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин бүгүнкү, 18-сентябрдагы жыйынында биринчи окууда каралды. Ал Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленгенүүдө. Мыйзам долбоорунун түпкү максаты тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңеш депутаты Талайбек Масабиров ушул эле күнү “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын  кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын үстөк пайызы жоюлуп жатат. Бул шарт калктын социалдык абалын эске алып, жеңилдик түзүү максатын көздөйт.   

Ошондой эле депутат автоунаалардын терезелерин караңгылатуу багытында каралган жеңилдиктерге да токтолду. "Башта бул багытта уруксаат алууга кайрылгандар 80 миң сомдук төлөм жүргүзүүсү керек болсо, соңку өзгөртүүлөргө ылайык, ал сумма 50 миң сом өлчөмүндө болору айтылууда", - деди эл өкүлү. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү