Бүгүн, 18-сентябрда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешев берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербине карата тыюу салынган талаптарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин техникалык спецификацияларынын талаптарына ылайык келбеген даярдоого, пайдаланууга жана таратууга тыюу салууну жана аталган беренени бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти кароо сунушталууда.
Талкууда депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Дастан Бекешев, Султанбай Айжигитов стандарттуу эмес желек менен гербди колдонуу үчүн жоопкерчиликти киргизүү мүмкүн эместигин белгилешти. Анткени, техникалык шарттарга жооп бербеген мамлекеттик символикаларды чыгарган өндүрүүчүлөр гана жоопко тартылышы керек, дешти алар.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү