Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин комитети Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, Жоруктар жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

18-09-2023
15:24

Бүгүн, 18-сентябрда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда  Кыргыз Републикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын  кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат менен ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тааныштырды.

Мыйзам долбоору дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргыз Республикасында түзүлгөн экономикалык кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле республиканын калкынын социалдык-экономикалык абалына жана бүтүндөй өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алуу менен иштелип чыккан.

Талкууда депутат Эльвира Сурабалдиева менен Султанбай Айжигитов бул мыйзам долбоорун колдошту. Депутат Таалайбек Сарыбашов “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айып пулдун жыйналышына көңүл бурду. Ички иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдун чогултулушу 80%дан ашты.

Комитетте ошондой эле, Кыргыз Републикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам  долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. «Кыргыз Республикасынын «Кооперативдер жөнүндө» мыйзам долбоору турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине мыйзамдын долбоору 8 бөлүк менен толуктоого багытталган, анда турак жай же турак жай-эксплуатациялык, турак жай-курулуш кооперативинин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталат деп каралган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү