Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Алишер Эрбаев: "Экология экономикадан кем каралбашы керек"

11-09-2023
16:44

Бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунун “Экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу” тармактык комитеттин 2023-жылдын 15-16-майындагы чечимдеринин аткарылышы боюнча маалыматты укту. Андагы көңүл бурулган негизги багыттар тууралуу баяндап, ЖК депутаты Алишер Эрбаев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен биргеликте ушул эле күнү "Парламент" радиосунда болду. 

"Парламенттин тармактык комитетинин көчмө жыйыны 32 жылдан бери биринчи ирет Чаткал жана Ала-Бука райондорунда өткөрүлгөн соң, иштин жыйынтыгын камсыздоого тапшырмалар берилип, тиешелүү тараптардан жообун уктук", - деди депутат Алишер Эрбаев. 

"Кен байлыктарды иштетүүдө ар бир талап мыйзам чегинде жолго коюлуп, жоопкерчилик, кепилдик маселелери арткы орунда калып калбашы керек. Лицензия алган кен иштетүүчү компаниялар зыяндуу калдыктар көмүлгөн жерлерди көзөмөлдөн чыгарбай, суунун нугуна да доо кетирбей иштөөгө тийиш. Бирок, тилекке каршы иш жүзүндө "жүрнарды" мамилелер байкалып жаткандай", - деген депутат  ишти алып барууда экономиканын кызыкчылыгын эле ойлой бербей, экологиянын абалын да эске алуу керектигин кошумчалады.

Уктурууга катышкан жергиликтүү кеңеш депутаттары калк саламаттыгы башкы орунда тураарын белгилеп, суунун тазалыгына көңүл бурулса деген оюн билдиришти. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү