Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Марлен Маматалиев: "Ар нерсенин ызааты бар, кала берсе сөөккө да салкын мамиле жарашпайт"

05-09-2023
15:47

“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 5-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзам демилгечиси, депутат Марлен Маматалиевдин белгилешинче, бул долбоор аркылуу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кыйынчылыктардан арылат. Көзү өткөн маркумду жайына жашырууда кепилденген кызмат көрсөтүүлөр ишке ашат. Бул тууралуу депутат "Парламент" радиосуна маалымат берди. 

Документте белгилүү болгондой, жарандын каза болгондугу тууралуу маалымкат эки күндөн кечиктирилбестен маркумдун жакындарына берилүүгө тийиш. Болбосо, ушул сыяктуу ырастамалар колго тийбей создуктурулгандыктан, көрүстөндөн жер алуу көп убарагерчиликти жаратып жаткан көрүнүштөр да бар. Кала берсе, кимдир бирөөнүн кайгысынан каражат жасап жаткан "ишкерликтин түрүнө" көз жуумп коюга болбойт. Антпесе, эртелеп алып алган көрүстөн жерлерин 40-50 миң  сомго соодалап ийчүлөрдүн жолуккандыгы да жакшы жоосун эмес. Алардын айынан кээ бир зар болгон кишилер насыя алууга аргасыз болгон учурлардын катталып жаткандыгы өкүнүчтүү, - деди депутат. 

Адам баласы эле эмес, жан-жаныбарлар да өлүп кала турган болсо, аларды да жаап-жашыруу иштери бетондолуп, өзүнчө жайга коюлат. Биологиялык калдыктар, сөөкканалардагы айрым өздүгү такталбаган жарандардын да жасаты ызаат менен жерге берилиши керектигин белгилеген демилгечи депутат, - "Маркумду акыркы жайына коюуда мамлекет тарабынан тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилгенден тышкары, ошол жайга жеткирип баруучу транспортировкалоо иштери, күмбөздүн тегерегин курчоого алуу жумуштарына чейин көзөмөлгө алынып, тиешелүү деңгээлде шарт түзүлөрү мыйзам долбоорунда көрсөтүлүп жатат", - деп белгиледи. Дегинкиси, - "Ар нерсенин ызааты бар, кала берсе сөөккө да салкын мамиле жарашпайт", - деп кошумчалады эл өкүлү. 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү