Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин бүгүнкү, 28-ноябрдагы жыйынында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча жумушчу топтун маалыматы угулду. Анын жүрүшүндө жумушчу топту жетектеген депутат Рыскелди Момбеков аталган департаментке бир нече жолу кат жөнөткөнүн айтып, бирок жооп ала албаганын маалымдады. Ушундай эле пикир депутат Садык Шер-Нияз тарабынан да айтылды. "Парламенттеги депутаттын катына жооп бербөө - бул одоно көрүнүш. Себеби парламентин комитети бул констиуциялык орган. Ошондуктан, суроого, кайрылууга жооп берүүнүн так мөөнөтү сакталышы керек.Бул боюнча мөөнөттү узартуу туурасында эч кандай, эч кимге кайрылуу да келип түшкөн эмес", - деди Садык Шер-Нияз.
Депутат Аида Исмаилова,-“Кезегинде дары каражаттары боюнча маселени депутат Ш.Айтматова көтөрүп, коңгуроо кагууда жалгыздык кылса, ал эми биз азыркы VI чакырылыштын депутаттары бул маселеге жалпылап киришип, жыйынтыкты камсыздашыбыз керек. Ар бир депутатка чабарман жөнөтүүнүн кереги жок! Бул жерде улуттун коопсуздугу турат. 6 млн. киши дары каражаттарын колдонбой койбойт. Ошондуктан бул олуттуу суроо”,- деп билдирди.
Депутат Н.Никитенко дагы ,-“Дары саясатындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин ачык-айкындуулугун камсыздоо маселеси кезегинде V чакырылыштын депутаты Ширин Айтматова тарабынан көтөрүлсө да, майнап чыкпагандыгы фармацевтика чөйрөсүндөгү негативдүү жагдайлардын бар экендигин далилдеди”,- деди. Ошондой эле ал "Бактамед" каражаты Европа өлкөлөрүнүн биринде өндүрүлгөн менен, ошол эле өлкөнүн өзүндө колдонулбай тургандыгын айтты. “Үчүнчү бир өлкөгө экспорттолгон “Бактамед” препараты Кыргызстанды сыноо аянтчасына айлантып жатканы абдан өкүнүчтүү жана өтө коркунучтуу. Анткени, аталган каражатты көптөгөн европалык мамлекеттер колдонуудан баш тартышкан. Ал эми бизде аны колдонгон 37 жаш баланын 20сы ден соолугунан оор запкы тарткандыгы да белгилүү”,- деди депутат.
“Өлкө аймагына келип жаткан дары-каражаттарын каттоодон өткөрүүдө мүчөлүк акы (взнос) алынат. Азыр бардык эсептешүүлөр улуттук валюта менен болсун деген талап коюлуп жаткан менен, фармацевтика жаатында бул маселе ачык бойдон кала берүүдө. Улуттук банк доллар курсун жөнгө салса, ишкерлер бардык эсептешүүлөрдү улуттук валютага которуунун аракетин көрүп жатса, Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти эмнени күтүп олтурушу керек?” – деген суроону депутат Эльвира Сурабалдиева жолдоду.
Ошондой эле комитет өкүлдөрү Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти мамлекеттик мекеме болгондугуна карабай, андагы кызматкерлер эмне себептен кызматка келишимдик негизде алынаарын такташты. Бул суроолорго жооп берген Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин жетекчиси Рустам Курманов өзү жетектеген структурада 105 адис иштерин айтып, алардын ичинде өзү гана мамлекеттик кызматкер болуп эсептелерин моюнга алды. Бул дагы эл өкүлдөрүнүн арбын суроолорун жаратты.
Ал эми депутат Жанар Акаев ооруканаларда жайгашкан дарыканалардын сатуусуна коюлган дары-дармектердин баасы көчөдөгү дарыканалардын прейскурантынан бир топ айырмаланып, кымбат тургандыгын сынга алды.
Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова болсо көчө бойлорунда сатылып жаткан дары-дармектердин агымы качан токтолот?!- деген маселени көтөрдү.
Жыйын жүрүшүндө жумушчу топту жетектеген депутат Рыскелди Момбеков Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин дарегине сын-пикирлерин айтып, мекеменин башчысы Рустам Курмановдун кызмат ордуна татыктуулугун кароону сунуштады. Тармактык комитет кабыл алган чечимиде дал ушул сунуш дагы камтылды. Ошондой эле жумушчу топ жыйнаган маалыматтар башкы прокуратурага жолдонду. Андан тышкары Дары-дармек коопсуздугуна арналган “Өкмөттүк саат” өткөрүү чечими кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы