Бүгүн, 28-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Жер кодексине, КР Кыргыз Турак-жай кодексине, КР Токой кодексине, КР Граждандык кодексине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга, «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамга, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамга, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамга, «КР жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга) мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде каралды.
Мыйзам долбоорунун концепциясы жер пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган. Жогоруда тизмектелген кодекстердин айрым жоболорун Башмыйзамга ылайык келтирүү максатталган.
Мыйзам долбоорун 2-окуунун режимине алып келүү долбоордогу кен байлыктар жайгашкан жер тилкелерин трансформациясыз эле берүү маселесинен улам сунушталган. Бул маселе боюнча КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги кандай гана болбосун жер тилкелери сөзсүз түрдө трансформацияланышы керек жана ал тилке иштетилгенден кийин рекультивацияланышы зарыл деген көз карашты карманууда. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, кен байлык чыккан жерлерди трансформациясыз эле берүү керек. Себеби, баары бир мындай жерлерге экологиялык экспертиза өткөрүлөт дагы, ал жер иштетилгенден кийин рекультивацияланат.
Мыйзам долбоорундагы дагы бир талаштуу маселе – коомдук муктаждыктар үчүн менчик жерлер дагы алынаары белгиленген. Депутат Кенжебек Бокоевдин пикиринде, мыйзам долбоору аркылуу коомдук муктаждыктар үчүн деп далай менчик ээлеринин укуктарын тебелөөгө кеңири жол ачылууда. Мындай ойду улаган депутат Асылбек Жээнбеков менчик кол тийбестиги боюнча чет өлкөлөрдөгү мисалдарды келтирди. Бир катар депутаттар керек болсо коомдук муктаждыктар үчүн жер тилкелерин алып коюу маселесин өзүнчө кароо максатка ылайыктуу экенин белгилешти.
Жыйынтыгында бир катар талаш маселелерди туудурган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу же парламенттик угуу өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы