Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Суу бөлүштүрүүчү, тазалоочу курулмалардын обьектилерин курууда жер тилкелерине мораторий жайылтылбайт

28-11-2016
11:16

Бүгүн, 28-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңешинин депутаттары Абылкайыр Узакбаев, Мирлан Бакиров, Төрөбай Зулпукаров, Кенжебек Бокоев.

Маалыматка ылайык, долбоор өлкөнүн баардык региондорунун калкын ичүүчү суу менен камсыздоо, суу тазалоочу курулманын жана канализация системасынын маселесин чечүү максатында иштелип чыккан. Долбоордо ичүүчү суу менен камсыздоо обьекттерин, суу бөлүштүрүүчү, тазалоочу курулмалардын, канализация системасын курууда сугат айдоо жерлерин башка категорияга же түрлөргө которууга киргизилген мораторийди жайылтпоо ченеми менен толуктоо каралган.

Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы