Дүйнөлүк банк «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында 38 млн доллар гранттык каражат бөлөт

17-06-2016 15:25

            Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында «2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору боюнча көп тараптуу трасстык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, дароо эле үч окууда жактырылды.

            Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк «Кыргыз Республикасы менен «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 38 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлөт. Анын ичинен 3,6 млн доллар аялдар менен балдар үчүн витаминделген ун сатып алуу багытында жумшалмакчы.

            Гранттык каражат үч багытта жумшала турганы белгилүү болду: сугат каналдарын калыбына келтирүү, суу тармагын башкаруу, аялдар менен балдарды сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылуу.

            Талкуу жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров жеӊилдетилген насыялар менен гранттык каражаттарды алууда эл аралык консультанттарга өтө көп өлчөмдө каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. «Мисалы, азыркы келишимде консультанттар үчүн жалпы гранттын 10 пайызга жакыны же 3,5 млн доллар каралыптыр. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул маселенин башын ачып алуу керек», - дейт ал.

            Ал эми фракция жетекчиси Иса Өмүркулов өкмөт өкүлдөрүнө эл аралык келишимдердин англис, орус, кыргыз тилиндеги варинттарынын котормолору дал келбей жатканын эскертти.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 939

Окшош жаңылыктар