Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары Малайзиянын парламентинин депутаттары менен жолугушту

26-05-2023
13:31

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Малайзиядагы иш сапарынын алкагында аталган мамлекеттин парламентиндеги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.  

Эки өлкөнүн парламент депутаттары саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да пикир алмашты. 

Жогорку Кеңештин делегациясынын башчысы, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков кыргыз тарап мамлекеттер ортосундагы саясий диалогду мындан ары улантууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды арттыруу зарылчылыгына да көңүл бурду. 

Өз кезегинде Малайзиянын парламентинин депутаттары  парламенттер аралык алакаларды арттырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, бул үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолушту. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу пландарын макулдашты. 

Ошондой эле аталган өлкөнүн парламентинин жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, анын жүрүшүндө вице-спикери Рамли бин Дато Мохд Нор баштаган Малайзиянын депутаттары кыргыз делегациясын сый-урмат менен тосуп алышты.

Эскерте кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Медербек Саккараев, Гүлшаркан Култаева, Тазабек Икрамов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Эльмурза Сатыбалдиев жана Жылдыз Садырбаева бар.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү