Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште чет жердеги мекендештерди колдоого багытталган маселелер талкууланууда

26-05-2023
12:09

Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу миграция маселелери боюнча кеңешинин жыйыны өтүүдө. 

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин алып баруусунда өтүп жаткан жыйынга министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда 2021-2030-жылдарга карата  Миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп, Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин 2023-2024-жылдарга иш планы бекитилди. Мындан сырткары Миграция жана адам сатуу чөйрөсүндө иштеген өнөктөштөр менен I жогорку деңгээлдеги донордук конференцияны өткөрүү, Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын-Балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда  чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдары үчүн жайкы этно лагерин уюштуруу сындуу башка маселелер каралды.

Жайкы этно лагерди уюштуруу маселеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева баяндама жасады.  Депутат өз сөзүндө чет мамлекеттердеги  кыргыз диаспораларынын кайрылуусуна мамлекеттик органдар реалдуу көңүл бурбай келе жаткана токтолду.

“Былтыркы жылы Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңешинин жыйынында мигрантардын балдарын жылына бир жолу Кыргызстанда эс алдыруу маселеси көтөрүлүп, бир катар мамлекетик органдарга тапшырмалар берилген. Бирок аткарылган жок. Максат жөн гана эс алуу эмес, чет мамлекеттерде жашаган кыргыз балдарына ата-бабалардын киндик каны тамган жерин таанытуу, улуттук баалуулуктарыбызды тааныштыруу экенин унутпашыбыз керек”, – деди депутат Эльвира Сурабалдиева.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү