Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө

26-05-2023
11:16

Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө.

Жыйынды төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев алып барып, алгач Төрага Нурланбек Шакиевдин кайрылуусун окуп берди.

Нурланбек Шакиев өз кайрылуусунда миграция жаатында көйгөйлөр өтө арбын экендигин белгилеп, чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өткөрүлгөн бардык жолугушууларда көп маселелер көтөрүлөрүн билдирген.

Анын ичинен эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо башкы маселе экенин айткан Нурланбек Шакиев чет өлкөгө чыкканга чейинки даярдыкка өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолгон.

“Миграциялык саясаттын түпкү максаты – бул Кыргызстанда жумуш орундарын жана башка шарттарды түзүп, жарандарды өз мекенинде кармап калуу экенин унутпашыбыз керек. Муну менен катар чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу да башкы маселе. Андыктан аталган максаттар биринчи орунда турушу зарыл”, – деп айтылат Төраганын кайрылуусунда.

Ошондой эле Төрага өз сөзүндө  Жогорку Кеңеш, анын ичинен Миграция кеңеши бул багытта бардык аракеттерди жасап жатканын айтып, дайыма колдоп келе жаткан эл аралык уюмдарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирген.  

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан Кеңештин жыйынында беш маселе каралууда. Анда Кыргыз Республикасынын 2021-2030-жылдарга карата  Миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы, Миграция жана адам сатуу чөйрөсүндө иштеген өнөктөштөр менен I жогорку деңгээлдеги донордук конференцияны өткөрүү жана Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин 2023-2024-жылдарга иш планын бекитүү сындуу маселелер бар.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү