Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жеке маалыматтар менен алмашуу багытындагы эл аралык макулдашуунун долбоору каралды

25-05-2023
16:35

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жеке маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурия Кутнаева ратификациялана турган макулдашуу КМШ алкагындагы өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн жол-жоболорун белгилөө максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Тагыраагы, тараптар макулдашууга катышкан мамлекеттердин биринин өтүнүчү боюнча улуттук мыйзамдарды эске алуу аркылуу өз ара укуктук жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү