Депутат Карим Ханджеза парламенттин бүгүнкү жыйынында , - иштеп жатканына бир кылымдан ашкан Чүй облусунун Москва районуна караштуу орто мектептердин авариялык абалына аткаруу бийлигинин көңүлүн бурду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал имаратта окуу процессин улантууга болбойт, - деген корутунду чыгарып берген болсо деле, кооптуулукка карабай ал жерде сабактар улантылып жатат. Мындай абалдан абайлашыбыз керек, - деди депутат ушул эле күнү "Парламент" радиосуна маалымат берип.
Окуучулардын саны өсүп, мектептерге болгон суроо-талаптар жогорулап жатканда жалпы республика боюнча жаңы 150дөй мектеп курулуп, пайдаланууга берилгени жакшы жыйынтык, - деп билдирген депутат, - "Ошондой болсо да мына-мына кулайын деп турган кооптуу мектептер деле аргасыз өз ишин улантып жатканы ойлондуруучу маселе", - дейт. Буга Москва районундагы Кепер-Арык айылындагы мектеп толук мисал, - деген депутат бул көйгөйдү чечүү үчүн протоколдук тапшырма берилгендигин билдирди.
Эл өкүлү ошондой эле өзү окуган мектебине спорт зал курууга кол кабыш кылгандыгын билдирип, буга чейинки чакырылыштын депутаттары да жардам бергендигин айтты. Уктуруунун жүрүшүндө ошондой эле бүгүн, 25-май акыркы коңгуроо майрамында жалпы бүтүрүүчүлөрдү чоң турмуштун улуу сапарында билимдүү, адамгерчиликтүү, ийгиликтүү болууга чакырып, ар бир улан-кыздын келечекте эл сыймыгы болууларына тилектештигин билдирди.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү