ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.16.

24-11-2016 08:46

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация кечээ, 23-ноябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Жогорку Кеӊештин депутаттары иш сапар жүрүшүндө КМШ ПАА менен ЖККУ ПАнын пленардык сессияларына катышып, жогорку деӊгээлдеги жолугушууларды өткөрмөкчү. Делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Алмасбек Акматов. Мурадыл Мадеминов, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Сайдолимжон Жураев, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров бар.

Бүгүн, 24-ноябрдагы парламент жыйынында “Паралимпиадалык спорт жөнүндө”, “КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору каралат. Ошондой эле КР Социалдык фондунун 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчет дагы угулат.

Кечээ, 23-ноябрдагы Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова бошогон комитет төрагасы кызмат орундарына парламенттик фракциялардан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалымат берди. Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында тармактык комитеттеринин төрагалыгына төмөнкү талапкерлер шайланды: Алар: Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана салматтык сактоо боюнча комитеттин төрайымы – Молдобекова Гүлкан Сакиновна  (КСДП фракциясы);  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы – Назаров Айтмамат Кошоевич  («Кыргызстан» фракциясы); Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы – Шадиев Аскарбек Алимбаевич («Бир Бол» фракциясы); Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы – Тиллаев  Таабалды  Гапырович («Республика – Ата Журт» фракциясы); Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы -Жеенчороев Мирлан Канатбекович  (“Республика – Ата Журт”).

Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген  Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Эргешов ("Кыргызстан" фракциясы) ант беришти.

                                           СНХ.И.САРСЕЙИТОВ

                                           СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Эми жогорудагы депутаттар "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Эскерте кетсек, аталган фракциянын 2 депутаты жакында аткаруу бийлигине кеткен. Чолпон Султанбекова вице-премьер-министр, Таалайгүл Исакунова эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан жаңы эл өкүлдөрүн куттуктап, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

                                            СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ  

Токмок шаарындагы бир топ үйлөргө жылуулук берилбей жаткандыгын айтып чыккан депутат  Өмүрбек Бабанов мындай маалыматты социалдык тармактагы жергиликтүү тургундарын билдирип жатышкандыгын айтты. Айрыкча балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучулардын абалын эмнеге ойлобойбуз, аларда эмне күнөө?- деген суроолорду койду.

                                           СНХ.Ө.БАБАНОВ

Анын аралыгында Токмоктогу балдар үйүнө жана башка социалдык мекемелерге жылуулук берилгендигин Чүй облустук акимчилигинин маалымат катчысы Жылдыз Шеримбекова маалымат каражаттарына билдирди: Бирок, анын айтымында жылуулук берилген аталган жайлар карыздары менен толук эсептешип бүтө элек. 17-ноябрдан бери Токмокто газга болгон карыздын айынан бир катар социалдык объектилер жана 600 үй-бүлө жашаган аскердик шаарчадагылар  жылуулуксуз калышкан болчу. Себеби «Токмок Жылуулук» ишканасынын «Газпром Кыргызстан» компаниясына карызы 42 миллион сомдон ашып кеткен.

“Кыргызстандын ички мүмкүнчүлүгү боюнча 187 миң тонна эт азыктары камдалат.  Жумуртканын  352 млн. даанасын даярдаса болот. Керектөөнүн калган бөлүгү импорттолгон азыктар менен жабылууда”,- дейт депутат Осмонбек Артыкбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                                           СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин айтымында, учурда Чүй областынын  Сокулук районунда 3 миң тоннага ылайыкталган логистикалык бар. Ал эл аралык талаптарга толук жооп берет. Андан тышкары Балыкчы шаарында дагы 2400 тоннага жетерлик логистикалык борбордун курулушу аяктап, жакында пайдаланууга берилет.

                                          СНХ.Э.ЧОДУЕВ

                                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-ноябрда өлкөнүн кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт. Автожолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге  чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Нарын:-1…-6; Талас: -2…-7; Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл: 0…-5 градус  суук болот. Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын  температурасы - -3…-5 градус  суук болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 1294

Окшош жаңылыктар