Осмонбек Артыкбаев:“Кыргызстандын ички мүмкүнчүлүгү 187 миң тонна эт азыктарын камдоого жетет”

23-11-2016 16:59

“Кыргызстандын ички мүмкүнчүлүгү боюнча 187 миң тонна эт азыктары камдалат.  Жумуртканын  352 млн. даанасын даярдаса болот. Керектөөнүн калган бөлүгү импорттолгон азыктар менен жабылууда”,- дейт депутат Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 23-ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.  

Көп колдонулган тамак-аштардын катарында эт менен ун  азыктары турат. Алардын элге жеткиликтүүсү көбүнчө ундан жасалган азыктар. Ошондон улам, унду байытуу маселесин убагында көтөрүп чыккан демилгечи болгондугун да эске салган депутат,- “Унду байытуу талаптарынын аткарылышы болгону 30%га жетип-жетпейт. Анын айынан аз кандуулук менен жабыркагандар аз эмес”,- дейт.

Коомдук тамактануу жайларындагы даярдалып жаткан тамак-аштардын сапатына тыкыр көзөмөл керек,- деп угармандардын суроолоруна жооп берген депутат Осмонбек Артыкбаев,-сапарда жүргөндө көп эле ошол коомдук жайлардын кызматынан колдонууга аргасыз болгондугун айтып, аталган жайлардагы абалды көзөмөлдөө үчүн 2012-жылы Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлгөндүгүн түшүндүрдү.

Уктурууга телефон аркылуу байланышка чыккан Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев,- “Айыл чарба продукцияларын өндүрүү талаптагыдай жүрүп жатат. Алардын рынокко чыгышына деле жакшы шарт түзүлгөн. Мисалы, Талас тараптагы "Чоңкапка" өткөрүү постунан машина-машиналап айыл чарба өнүмдөрү экспортко жөнөтүлүүдө. Болгону кайра иштетүү тармагы жагынан гана аксап жатабыз”,- дейт.

Ошондой эле адистин айтымында, учурда Чүй областынын  Сокулук районунда 3 миң тоннага ылайыкталган логистикалык борбор бар. Ал эл аралык талаптарга толук жооп берет. Андан тышкары Балыкчы шаарында дагы сыйымдуулугу 2400 тоннага жетерлик логистикалык борбордун курулушу аяктап, жакында пайдаланууга берилет,- дейт Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар