Бийик тоолуу, шарты катаал, барууга кыйын райондорго кадрларды тартуу аракеттери көрүлүүдө

21-11-2016 16:24

Коэффициенттер белгиленген райондордо айкалыштырып иштеген кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөмдөр каралууда. Бул бийик тоолуу шарттарда иштеген өкүлдөргө тиешелүү.  Мындай түзөтүүлөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине" кошумчаланууда. Бул багытта Өкмөт менен ЖК депутаттары Ч. Турсунбеков, Ж. Акаев, А. Кулбараков тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору бириктирилип бүгүн,  21-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында экинчи окууда каралды. 

Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча жылына кошумча болжол менен 29,797 млн.сом талап кылынат.

Өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын белгилешинче, кошумча коэффициенттик төлөмдөрдү 379 саламаттык сактоо кызматкерлери, билим берүүнүн 258 өкүлү жана 1245 милдеттүү медициналык камсыздандыруу багытында иштеген адистер ала алышат. 

Талкууда депутат Гүлкан Молдобекова Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя, Көк-Жар, Талас областындагы Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында иштеген адистердин коэффициенттик төлөмдөрдү алаар-албасына кызыкты.

Депутат Альфия Самигуллина болсо,- "Айрым шарты катаал деген айылдарда операция жасай турган кабинеттер жабдылган менен, анда иштей турган адистер жок. Бул дагы айлыктын аздыгына байланыштуу",- дейт. 

Эң ириде айлык акыга кошумча коэффициенттер боюнча колдоо - бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарында иштеген жарандарга түрткү берүүнү көздөйт.

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн ичинен эӊ маанилүүлөрү болуп медицина, билим берүү жана социалдык камсыздоо жагындагы кызмат көрсөтүүлөр эсептелет. Белгилүү болгондой, бизде бул багыттар боюнча кадрлар жетишсиз. Квалификациялуу врачтардын, мугалимдердин жана башка адистердин жетишсиз болуп жаткандыгы көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына терс таасир тийгизип жатат. Мындай көйгөй тоолуу жана алыскы региондордо өзгөчө курч маселеге айланган,- деп айтылат депутаттар тобу сунуштаган долбоордо. 

Жыйындын соңунда "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине" кошумчаланып жаткан түзөтүүлөр экинчи окууда тармактык комитеттин колдоосуна ээ болду. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 603

Окшош жаңылыктар