Өткөрүлгөн жолугушуулардан кийин Нурланбек Азыгалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Парламенттик комиссиянын III отурумунун жыйынтыгы тууралуу кеңири маалымат берди.
Андан соң парламенттик делегация Ташкент шаарында жайгашкан "Технопарктын" ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алсак, 2019-жылы 400 миллиондон ашуун доллар инвестиция салынып, ишке берилген өндүрүштүк жайдан үй тиричилигине керектүү техникалардан баштап, курулуш, энергетика тармактарына тиешелүү материалдар менен жабдуулар чыгарылат. Жалпы 5 миңдей адам эмгектенип, өндүрүлгөн товардын көпчүлүгү алыскы жана жакынкы өлкөлөргө экспорттолот.
Эскерте кетсек, Нурланбек Азыгалиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Ырысбек Атажанов, Фарходбек Алимжанов, Нилуфар Алимжанова, Фархат Исмаилов бар.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү