Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 16. 03.23.

16-03-2023
10:00

“Ар кандай маселелер” сааты менен башталуучу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдагы  токтомдору менен уюшулган “Кумтор Голд Компани” ЖАКнын алтын казып алуусун жана сатуусун, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу тааныштырылат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023, 2024 жана 2025-жылдарга тышкы аудиторун тандоо боюнча конкурстук комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлигин кароо маселеси да бүгүнкү жыйындын күн тартибинде.

“Элдик курултайдын чегинде өткөрүлгөн иш чараларга чыгымдар кайсы булактан табылды, бардыгын такташыбыз керек”,- дейт парламенттин кечээки жыйынында бул темадагы талкууга катышкан депутат Жанарбек Акаев.

                          СНХ.Ж.АКАЕВ

“Эгер элдик курултай тууралуу мыйзам кабыл алынса, анда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын функцияларын талашка түшкөндөй түшүнүк жаратпайбы?”, - деген суроого депутат Улукбек Ормонов  кайрылды.

                         СНХ.У.ОРМОНОВ

Кыргызстандын импорт жана экспорт потенциалын тааныган стратегиялык өнөктөштөр боюнча кайсы мамлекет алдыда келе жатат? Өз ара товар алмашуу жагынан жагымдуу климатты жакшыртуу жагдайлары кандай деген суроону депутат Эльвира Сурабалдиева парламенттин кечээки отурумунда тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнө жолдоду.

                         СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Кыргызстанда Өзбекстан менен биргелешип автоунаа чыгаруу иштери жолго коюлат. Ал процесске катышкан эки мамлекеттин унаатетиктерин чыгаруудагы үлүштөрү кандай болот?- деген суроону депутат Жусупбек Коргонбай көтөрдү.

                        СНХ.Ж.КОРГОНБАЙ УУЛУ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-мартта Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк, Чүй, Ош, Жалал-Абад областтарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Талас, Баткен күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл:+7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+13...+18, Нарын:+3...+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-мартта мезгил-мезгили менен жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +8...+10 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 06.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 31. 05.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30. 05.23.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...