Кечээ, 14-мартта Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет уюштурган "Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” темасындагы форумда сүйлөгөн сөзүндө Төрага Нурланбек Шакиев, “Жогорку Кеңеш документтерди жүгүртүүнүн электрондук системасын 2012-жылы иштеп чыгып, улам жаңыртып келе жатат. Иш кагаздары санариптик түрдө иретке салынууда”, - деп билдирди.
СНХ.Н.ШАКИЕВ
Парламенттин бүгүн, 15-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулуп, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготту деп табылуучу бөлүктөрү талданат. Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков демилгелеп жаткан “Эл аралык чукул жардам жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланат.
“Борбор калаанын мэрин эл түз шайлоо жолу менен тандабаса, жоопкерчилик күчөбөй, эле шаар ишине өлкө жетекчилиги аралашып жатканы арабөк иштен кабар берип жаткандай. Андыктан, түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотуунун үлгүсү болуп калмак. Ошондуктан, борбордун жашоочулары калаа жетекчисин тикелей шайлап, шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы”, - дейт “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Борбордун статусу жөнүндөгү” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн демилгечиси депутат Жанарбек Акаев.
СНХ.Ж.АКАЕВ
Соттолуп, абакта отургандарды иш менен камсыздоочу 56 өндүрүштүк аймак түзүлгөн. Бул андагылардын 30%ынын иш менен алектенерин билдирет, - деген маалыматтар ЖК Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кечээки жыйынында айтылды. Буга байланышкан суроону көтөргөн депутат Жусупбек Коргонбай уулу,- экономикалык кылмыш менен кармалып отургандарды абактарда өзүнчө жайгаштыруу керектигин айтып, алардын келтирген зыяндардын ордун толтуруудагы жоопкерчилигин күчөтүү негиздерине токтолду.
СНХ.Ж.КОРГОНБАЙ УУЛУ
Өлкөдөн сырткары абакта отургандарды экстрадициялоо иштерине көңүл бурулса, иштен жыйынтык чыкса деген шайлоочулардын сунуштардын тааныштырган депутат Дастан Жумабековдун тармактык комитеттеги маалыматына караганда, ошол жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын бир тобу жаш улан-кыздар.
СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ
Экстрадициялоо иштерин алып барган өлкөнүн Башкы прокуратурасы эртең, 16-мартта атайын жумушчу топту Россия Федерациясына жөнөтүп жаткандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева депутат Дастан Жумабековдун маселесине жооп катары билдирди.
СНХ.Ү.КОҢКУБАЕВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 15-мартта Чүй, Талас областтарында күндүз жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Талас областтарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+14...+19, Ысык-Көл:+10...+15, Талас:+13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+17...+22, Нарын:+7...+12 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-мартта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +17...+19 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде
Толук окуу...Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...