Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 03.23.

14-03-2023
10:00

Төрага Нурланбек Шакиевдин демилегеси менен бүгүн, 14-мартта саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Кыргыз Республикасындагы санариптик өнүктүрүүдө Жогорку Кеңештин ролу” темасындагы форум өткөрөт. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды.

Бүгүн, 14-марттагы жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Сот системасына тиешелүү бир топ мыйзам долбоорлорун, андан тышкары “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору тармактык комитеттин талкуусуна чыгат.

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бүгүнкү, 14-марттагы жыйынындаЖер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесинин аткарылышы каралат. Андан тышкары, “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгаруу жөнүндөгү маселе да комитет отурумунун талкуусуна коюлмакчы.

Ушул эле 14-марттагы жыйынында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт. Андан тышкары “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу тармактык комитеттин чечими да ушул эле жолку жыйында каралмакчы.

Депутат Айбек Алтынбеков Салык кодекси боюнча талкууда жайыттардан жыйналбай жаткан каражаттар тууралуу сөз кылып, андагы акысыз колдонулуп жаткан суулар, чөп-чар менен короо –сарайлардын пайдаланылышы боюнча оюн ортого салып, асыл тукум малдардын санын арбытууну сунуштады.

                              СНХ.А.АЛТЫНБЕКОВ

Региондордо ККМ аппараттарын милдеттүү түрдө колдонуу үчүн талаптар коюлуп жатканы кандай да, борбордун айрым бөлүгүнө андай аппаратты камсыздоо иштери колго алынганын себептери эмнеде? Бул тууралуу суроого жоопту депутат Өмүрбек Бакиров күттү.

                              СНХ.Ө.БАКИРОВ

Жергебизге коңшулаш Өзбекстандан убактылуу жумуш иштөө үчүн келип жаткан жарандардын катталуусу кандай болот? Тышкы миграция маселесине кайрылган Социалдык комитеттин отурумунда бул темага депутат Алишер Козуев кайрылды.

                              СНХ.А.КОЗУЕВ

Айыл-айылдарга барып, ара жолдо калган жумуштардын бир тобу АРИС программасына тиешелүү көрүнүш болуп калгандай? Себеби,бүттү делген иштин илинчеги кийин билинип, элдин түшүнүгүндө таза суунун сапатуулугун камсыздоодогу кадамдар жакшы болбой жаткандай?- дейт депутат Шайлообек Атазов тармактык комитет жыйынында.

                             СНХ.Ш.АТАЗОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+13...+18, Ысык-Көл, Талас:+11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+17...+22, Нарын:0...+5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14-мартта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 06.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 31. 05.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30. 05.23.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...