Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Өмүрбек Бакиров: "Азырынча ишкерлердин 50-55 миңдейи гана ККМ аппараттуу болушкан"

13-03-2023
16:32

“КР Салык кодексине бир топ өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Аны бүгүн, 13-марттагы жыйынында Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет карады. Сунуштар абдан көп. Кыркка жакын депутат жолдогон 100дөн ашык сунуштар келип түшсө да, анын 1/3 бөлүгү гана эске алынган. Бирок, муну менен жыйнтык чыгарууга эрте, ошол сунуштарды талдап, таразалап көрүп добуштардын жыйынтыгы менен сунуштар кодексти демилгелеп жаткан Министрлер Кабинетине жөнөтүлдү. Ошолордун ичинен коомчулукта айрыкча кеңири талкууну жаратып жаткан ККМ аппараттарын колдонуунун тартиптери тууралуу токтолгум келет”, - деп өз оюн ортого салган депутат Өмүрбек Бакиров ушул эле күнү “”Парламент” радиосунда болду.

Аталган кассалык аппараттар көбүн эсе эсеп-кысап, соода иштеринде колдонулуп жаткандыктан аны ишкерлер борбордо болобу, же региондордо иш алып барабы бирдей пайдаланышы шарт. Бирок, аны менен азырынча Бишкек жана Ош шаарларындагылар камсыздалып калса, алыстагы райондорго бул толук жете элек. Негизи алар дагы бул таризде иш алып баруусу керек болгондуктан, салык саясатындагы тең салмактуулук зарыл.  Жалпысынан аталган аппаратты колдонуучу ишкерлердин эсеби өлкө бюнча 150 миңге чамалуу болсо, алардын азырынча 50-55 миңди гана аппараттуу болушкан. Ал эми жалпы ишкерлердин эсеби республика боюнча 500 миңдей болот, - деди депутат.  

“ККМ аппараттары бери жагы 15 миң сомдон өйдө турат. Бул аппараттын эле наркы. Ал эми аны иштетүү үчүн интернет, аппаратка кажет болгон кассалык кагаздар талап кылынат. Бул багыттагы бааларды эсептей келгенде, ишкер айына бери жагы 1000 сомго чейинки төлөм жүргүзүүгө аргасыз болууда. Элге жеңилдиктер каралып, зарылчылыгына жараша насыялоо иштери колго алынса, мамлекеттик мекемелер ортосундагы  МеgаCоm сыяктуу байланыш компаниялары менен болгон кызматташтыктар бекемделсе иштин жыйынтыгы жаман болбос”- дейт Ө.Бакиров.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү