Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 13. 03.23.

13-03-2023
10:00

Эртең, 14-мартта саат 14.00дө Төрага Нурланбек Шакиевдин демилегеси мененТранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет "Кыргыз Республикасындагы санариптик өнүктүрүүдө Жогорку Кеңештин ролу” темасындагы форум уюштурат. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды.

                       СНХ.М.СЫДЫКОВ

Бүгүн, 13-марттагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, атай келгенде Салык кодексине, “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Бул демилге ЖК депутаты Марлен Маматалиев тарабынан сунушталууда.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 13-марттагы жыйыны чоң жыйындар залында өтүп, өз ишин саат 10:00дө баштайт. Анда “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору да биринчи окууда талкууга чыгат. Бул багытта маалымат берген депутат Султанбай Айжигитов, - “Либералдуу экономиканын шартында баалардын эркин кыймылы жүрүп жатат. Менчик формасын жайылтуу менен экономиканы көтөрүүгө басым жасалууда. Бирок, азыркы биздин шартта импорт жалпы товарлардын 80%ын түзүүдө. Импорт мейкиндиги кулач жая берсе, долларга болгон көз карандылык да арта берет. Анын айынан инфиляция өз таасирин күчөткөндөн-күчөтүүдө. Ошондуктан, либералдык саясат менен пландоо иштерин биргеликте ишке ашырууга мезгил келди”, - деп билдирди.

                        СНХ.С.АЙЖИГИТОВ

Ушул эле 13-мартта Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет да өз жыйынына чогулат. Анын күн тартибинде бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруда талкууга чыкмакчы.

Социалдык саясат боюнча комитеттин бүгүнкү, 13-мартта өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына тактай келгенде, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндөгү”мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Ошондой эле “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбооруна да көңүл бурулмакчы.

Депутат Коргонбай уулу Жусупбек “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында мамлекеттин менчигиндеги мал санын тактап, койдон алынуучу кара жүндөр жөн эле текке кетип төгүлбөй, курулуш иштеринде керектелүүчү каражаттар даярдалса, - деп сунуш берди.

                       СНХ.КОРГОНБАЙ УУЛУ Ж.

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-мартта өлкө аймагында эртең мененкисин туман каптап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл:+9...+14, Талас:+10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+15...+20 градус жылуу болот. Нарын:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 13-мартта түшкө чейин жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +14...+16 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 06.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 31. 05.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30. 05.23.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...