Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.03.23.

10-03-2023
10:00

Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүл аркылуу иш ирети жакшырат. Мындай милдетти аркалоо жоопкерчилиги Самат Ысырановго тапшырылды. Тактай келгенде, ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы Жогорку Кеңештин туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Кечээ аны аталган мекеменин жамаатына парламенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алайбек Алымбаев тааныштырды. Өз сөзүндө Алайбек Алымбаев: “Бул аркылуу мыйзам чыгаруучу орган менен Конституциялык соттун эриш-аркак иш алып барышына жакшы өбөлгө түзүлүүдө”, – деп билдирди. Өз кезегинде Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев дагы дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн Конституциялык сотунда парламенттин өкүлчүлүгү иштерин белгилеп, бул тажрыйба эки мекеменин тыгыз кызматташуусуна шарт түзөрүн айтты. Эскерте кетсек, ушул жылдын 3-февралында Төрага Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаевди кабыл алган. Анда парламенттин Конституциялык соттогу өкүлүн дайындоо жана анын макамын жогорулатуу маселеси талкууланган болчу.

Төрага Нурланбек Шакиев бейөкмөт уюмдары менен иштөөдө жаштарыбыз алган багыт кайсы тарапка кетип бара жаткандыгын азыртадан көзөмөлгө албаса, келечегинде кейиштүү көрүнүштө болбойт деп ким кепилдик бере алат?- деди калк саламаттыгы тууралуу маселеде өз оюн ортого салып.

                              СНХ.Н.ШАКИЕВ

Депутат Камила Талиева Баткен областындагы жол курулуштарына кайрылып, аба ырайы 25 градуска жетип турса да иштин жылбай турушу ыкшоолуктун айынан, - деди парламенттин кечээки жыйынында.

                              СНХ.К.ТАЛИЕВА

Кыргызстандын туристтик ири потенциалы тууралуу сөз кылган депутат Сүйүнбек Өмүрзаков, - “Туристтик тармактын натыйжалуулугун арттырууда ыңгайлуу жолдордун болушу шарт. Бирок, тилекке каршы, бул багытта системалуу иштин байкалбагандыгы өкүнүчтүү”, - деди парламенттин кечээки отурумунда.

                             СНХ.С.ӨМҮРЗАКОВ

Бишкек шаарына канатташ жайгашкан калкттуу конуштарды ордо калаага кошуу, дачалардын тургундарына шарт түзүү, башкы планды иштетүү зарылчылыктарын белгилеген депутат Балбак Түлөбаев болду.

                            СНХ.Б. ТҮЛӨБАЕВ 

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+19...+24, Ысык-Көл:+9...+14, Нарын:+2...+7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10-мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу болот.

 

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29.11.23.

Бүгүн, 29-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш бир нече ратификациялык майзам долбоорлору менен катар эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 28.11.23.

Бүгүн, 28-ноябрда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын 18- 54-беренелеринин аткарылышы тууралуу” маселе каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 27.11.23.

Бүгүн, 27-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.23.

Бүгүн, 24-ноябрда Элдик депутаттык тобу Ысык-Көл областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.11.23.

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутат  болуп шайланып келген Чынберди Толоновдун ант берүүсү болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22.11.23.

Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...