Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 09. 03.23.

09-03-2023
10:00

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-марттагы жыйынынАр кандай маселелер” сааты менен баштайт.  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору да 3-окууда талданмакчы. Бул багытта “Парламент” радиосуна маалымат берген   КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков,-“Эгерде өлкө ичинде баалардын жогорулоосу бир ай ичинде 20%дан жогорулап кетсе, мамлекеттик жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт”, - деп билдирди.

                        СНХ.К.ТАЙЛАКОВ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  тактай келгенде, “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр да  парламентин бүгүнкү отурумунда талкууланат. Аталган мыйзам долбоору аркылуу чет өлкөлүк капиталы бар эл аралык банктар кардарлардын күрөөгө койгон мүлкүн 2 жылдан ашык кармап тура албайт. Бул негиздеги финансылык-насыялык мекемелердин рекреация объекттерин убактылуу ээлөө укуктары жөнгө салынып жатат, - дейт депутат Акбөкөн Таштанбеков “Парламент” радиосуна төмөндөгүчө түшүндүрмө берип:

                         СНХ.А.ТАШТАНБЕКОВ

Жол куруу иштеринде алынган насыяларды жабууга келгенде иш ырааты кандай экендигин тактаган депутат Исхак Масалиев 1 км жол наркы канча тураарын сурап, 10-15 жыл мурда курулган жолдор кайсы булактын каражатына оңдолуп-түзөлүп жаткандыгына кызыкты.

                          СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Жол куруу иштериндеги тегерек стол жыйындарын өткөрүүдө тармактык министрлик четте карап турбоосу керек, - деген депутат Бактыбек Сыдыков, -“Кандай гана жол куруу болбосун, андагы башкы подрядчы кыргыз тарап болсун. Бул жагын эске алуу зарыл”, - деп сунуштады.

                          СНХ.Б.СЫДЫКОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ                

Бүгүн, 9-мартта Ош, Баткен, Нарын областтарында жаан, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл областтарынын тоолуу райондорунда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+16...+21, Ысык-Көл:+9...+14 градус жылуу болот. Нарын:-1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 9-мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +13...+15 градус жылуу болот.

           

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 06.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 31. 05.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30. 05.23.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...