Быйылкы жылы Сауд Аравия Королдугу тарабынан Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат кечээ, 6-мартта Төрага Нурланбек Шакиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаровду кабыл алган жолугушууда айтылды. Өз сөзүндө Төрага Нурланбек Шакиев, - “Соңку жылдарда аталган мекеме тарабынан дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу жаатында алгылыктуу аракеттер жасалууда”, – деп белгиледи. Муну менен катар ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык жагдайларга жол берилбеши керектигин айткан Төрага квоталарды ачык-айкын, акыйкат бөлүштүрүү зарылчылыгына токтолду. 2023-жылкы ажылык сапарга даярдык көрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн.
Төрага орун басары Джамиля Исаева баштаган делегация кечээ Москва шаарында өтүп жаткан “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышты. Жыйында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова баштаган меймандар баяндама жасашты. Өз кезегинде Джамиля Исаева иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, өтүп жаткан форум эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз алаканын жана үзгүлтүксүз кызматташтыктын үлгүсү экенин белгиледи.
Инвесторлор менен иштөөгө келгенде укуктук талаадагы мыйзамдардын так аткарылышы үчүн тилдердин так тартиби зарыл. Эл аралык келишимдерде негизги күч англис тилине таандык делинет. Ошондуктан, этияттык керек, котормолорго олуттуу көңүл бурбаса, чийкиликтен чиелүү чыр жаралбайт, - деп ким кепилдик бере алат? Бул суроо Эл аралык иштер боюнча комитеттин кечээки жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков тарабынан көтөрүлдү.
СНХ.Н.КАДЫРБЕКОВ
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү, 7-марттагы жыйнында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрү каралат. Ошондой эле бул жолку жыйында Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы жер тилкелери боюнча жарандардын кайрылуусу талкууланмакчы.
Бүгүн, 7-марттагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Андан тышкары бир катар мыйзам долбоорлорунун катарында “Маалыматка жетүү укугу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууга чыгат.
Өзгөчө кырдаалды жоюу жана баштапкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн эл аралык чукул жардам көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин жарым жылдын ичинде “Кыргыз Республикасына келип түшкөн эл аралык чукул жардам көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин жарым жылдын ичинде “Кыргыз Республикасына келип түшкөн эл аралык чукул жардамды пайдалануу жөнүндөгү” отчет
Министрлер Кабинетинин расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланат. Бул тууралуу мыйзам долбоору даярдалууда. Талкууда депутат Адахан Мадумаров кырдаалды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү борборго ай сайын убагында маалымдап турууга тийиш, - деп сунуш кылды.
СНХ.А.МАДУМАРОВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 7-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй Ош, Жалал-Абад, Баткен:+20...+25, Талас:+18...+23, Ысык-Көл:+9...+14 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 7-мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +23...+25 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.
Толук окуу...Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...