Бүгүн, 6-марттагы жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоору да талкууга чыгат. Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков тарабынан демилгеленген “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда талданмакчы.
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 6-марттагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралат.
Жеке жактарга өтүп, менчиктештирилип кеткен автобекеттердин өз багытынан башка максатта колдонулуп жатканы кандай? Бул суроого кайрылган депутат Максатбек Сарбагышев шаарлар аралык автобекеттерди кайрадан мамлекеттин карамагына кайтаруу зарыл, - деди “Элдик” депутаттык тобунун жыйында.
СНХ.М.САРБАГЫШЕВ
Депутат Өмүрбек Бакиров тиешелүү министрликти транспорттук көзөмөлдөп өткөрүүчү пункттардын иштерине көңүл бурууга чакырып, андагы унаалардын салмагын, тараза тактыгын туура текшерүү талабын койду.
СНХ.Ө.БАКИРОВ
Депутат Жалолидин Нурбаев жол фондунун ишмердүүлүгүнө кызыгып, андагы негизги киреше булактары кандай болуп жаткандыгын сурады.
СНХ.Ж.НУРБАЕВ
Депутат Аманкан Кенжебаев К.Көлбаев атындагы тоннелин заманбап жабдуулар менен камсыздап, технологиялык жактан өнүктүрүү керектигин белгиледи.
СНХ.А.КЕНЖЕБАЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 6-мартта Чүй, Талас, Баткен областтарында жаан, тоолуу райондордо жана Жалал-Абад областынын тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+17...+22, Талас:+14...+19, Ысык-Көл:+8...+13 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 6-мартта жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +18...+20 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.
Толук окуу...Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...