Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 03. 03.23.

03-03-2023
10:00

Бүгүн, 3-марттагы жыйынында “Элдик” депутаттык  тобу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан республиканын автоунаа жолдорун куруу жана оңдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды карайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маселеге да көңүл бурмакчы.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков азык түлүк коопсуздугу тууралуу сөз кылып, тиешелүү мекемелер тамак-аштын сапаты боюнча маалымат берип турушу керектигин талап кылды. Болбосо, сырттан келип жаткан эт азыктарынын сапатында зыяндуу антибиотиктердин өлчөмү көп деген маалыматтар тарап жатат, - деди эл өкүлү.

                            СНХ. С.ӨМҮРЗАКОВ

Акыркы жылдары өзгөчө кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендердин саны көбөйүп жаткандыгын айткан депутат Шаирбек Ташиев, - Кытайдан келип жаткан электрондук чылымдарга тыюу салынбаса, саламаттык маселеси оорлогондон-оорлой берет, - деп тынчсызданды.

                           СНХ.Ш.ТАШИЕВ

Электрондук тамекиге көз карандылыктан арылуу зарылдыгын уланткан депутат Шарапаткан Мажитова коомчулуктан бул багыттагы пикирлери менен да тааныштырды.

                           СНХ.Ш.МАЖИТОВА

Фермерлерден алынып жаткан сүттөрдүн баасы бааланбай жатканын айткан депутат Эльдар Сулайманов, - бирок дүкөндөрдөгү сүт азыктарынын кымбат сатылып жатканына ким жооп берерин тактады.

                           СНХ.Э.СУЛАЙМАНОВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Чүй жана Талас областтарындагы шамалдын күчү 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+15...+20, Талас:+14...+19, Ысык-Көл:+6...+11 градус жылуу болот. Нарын:0...-5 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 3-мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +18...+20 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...