Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 02. 03.23.

02-03-2023
10:00

Бүгүн, 2-марттагы жыйынын Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт.  Андан кийинки талкуу тизмесинде “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү бар.  “Соттук-эксперттик иш жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат.  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда талданмакчы.

Депутат Жанарбек Акаев мамлекеттик мүлктү башкарууда ижарага берүү шарттарын заман талабына жараша кайра карап чыгуу керек, - деп сунуш берди. Бул аркылуу жетиштүү салык топтоонун жолдору ачылат, - деп кошмчалады эл өкүлү.

                            СНХ.Ж.АКАЕВ

Автокербендердин кедергиси элге тийбеши керек. Андыктан, кортеждердин тизиминин саат убактысын кайра карап чыкпаса, унаа тыгындарынан убара тарткан эл, катардагы айдоочулар бушайман болууда, - деди  депутат Тазабек Икрамов парламенттин кечээки жыйынында.

                            СНХ.Т.ИКРАМОВ

Союз тушунда менчиктештирүүгө катышып калган акционерлердин барган сайын саны азайып жатат. Бул катары суюлуп бара жаткан карыларыбыздын үмүт кылган акциялары болчу. Кирешеден күмөн санатпайлы, - деген депутат Коргонбай уулу Жусупбек керек-жарак союздарына карап келген бир кездеги кампалардын мал сарайларга айланып калгандыгын да сынга алды.

                           СНХ.Ж.КОРГОНБАЙ УУЛУ

Депутат Азиз Турсунбаев парламенттин кечээки жыйынында жаңы дайындалган КР Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кайрылып, билим берүү тармагына көңүл бурууга чакырып, Чаткал районундагы мектептер боюнча маселе көтөрдү.

                           СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+13...+18, Ысык-Көл:+4...+9 градус жылуу болот. Нарын:0...-5 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 2-мартта жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +15...+17 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...