Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 03.23.

01-03-2023
10:00

Бүгүн, 1-марттагы жыйынында Жогорку Кеңеш март айынын календардык планын бекитет. Ошондой эле “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат.  “Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да 3-окууда талкууланмакчы. “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы сыяктуу бир топ мыйзамдык документтер талкуу чордонуна коюлмакчы.  

Кечээ, 28-февралда Жогорку Кеңеште Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Анда Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен биринчи окууда колдоо тапканын белгилеп, келип түшкөн сунуштар тууралуу маалымдады.

                                 СНХ. К.ОСМОНАЛИЕВ

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын конституциялык мыйзам катары иштелип чыгышынын тек-жайынан түшүндүрмө берген белгилүү окумуштуу Сыртбай Мусаев, - мыйзам мааниси тилдердин карама-каршы коюлушун эмес, мамлекеттик тилдин мыйзам талаасындагы татыктуу ордун белгилөөнү көздөй тургандыгын далилдер менен ырастады.

                                 СНХ.С.МУСАЕВ

Кыргыз тилин системалуу өнүктүрүү үчүн билим берүү жаатына олуттуу көңүл буруу зарылчылыгын белгилеген журналист Жазгүл Карбосова эл аралык тажрыйбанын алкагында Япониянын мисалына токтолуп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

                                 СНХ.Ж.КАРБОСОВА

Армияда кызмат өтөөнүн бир жылдык статистикасына таянганда 40 миңдей аскер кызмат өтөсө, анын 25 миңге жакыны альтернативалуу шартты тандашат. Кызмат өтөөнүн бул түрүнө келүүнүн себептери да ар кыл. Мисалы кээ бир уландар үй-бүлөлүк шартына, ден соолугуна байланыштуу, дагы бирлери диний ишенимине негиздеп альтернативалуу кызмат кылууга туура келет. Алар эсептешүүчү төлөмдөр да ар кыл. Талкууда депутат Русланбек Жакышев армиядагы ички тартипке да кызыкты.

                                 СНХ.Р.ЖАКЫШЕВ

Депутат Алишер Эрбаев армияда колдонулуучу терминдерди тактап, алардын маани жагынан айырмачылыктарын түшүндүрүүнү талап кылды.

                                 СНХ. ЭРБАЕВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+11...+16, Ысык-Көл:+3...+8 градус жылуу болот. Нарын:-4...+1 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 1-мартта жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +13...+15 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...