Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 28. 02.23.

28-02-2023
14:00

Төрага Нурланбек Шакиев жетекчилигинде өткөн кечээки, 27-февралдагы парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынында 2023-жылдын март айына карата парламенттин календардык планынын долбоору каралып, колдоо тапты. Эл аралык кызматташтыгына тиешелүү пландын долбоору бекитилди. Ошондой эле парламенттин тармактык комитеттеринин февраль айындагы ишмердүүлүгү талкууланып, ар бир комитеттин төрагасы караган маселелери боюнча маалымат беришти. Жаралган көйгөйлөрдү жеринде көрүп келүү үчүн көчмө жыйындарды көбүрөөк өткөрүү зарылчылыктары белгиленди. Жыйынга Төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бүгүн, 28-февралда өткөн отурумунда «Парламенттик этика парламенттин эффективдүү ишинин жана коомдук ишенимдин негизи» аталышындагы Жогорку Кеңештин депутаттык этика Кодексинин бет ачары тааныштырылды.

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет бүгүн, 28-февралда өтүүчү жыйынында “Кыргыз Республикасынын өнөр-жай тармагында импорттун ордун алмаштыруу боюнча иштердин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматын угат. Ошондой эле “Электр станциялар” ААКнун борбордук аппаратын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына көчүрүү боюнча аталган ААКнун эмгек жааматынын кайрылуусу да ушул эле жыйында каралмакчы.

Бүгүн, 28-февралда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Ага  мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган. Алгач Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев баяндама жасап, 14 глава, 40 беренеден турган конституциялык макамга ээ мыйзам долбоорун тааныштырды.“Депутаттардан, коомдук уюмдардан жана жарандардан 37 берене боюнча сунуштар келип түштү. Анын ичинен соода-жүгүртүү, эл аралык кызматташтык, укук коргоо, сот өндүрүшү өңдүү тармактарда мамлекеттин тилдин колдонулушуна байланышкан пикирлер айтылып, алардын ичинен 80%ы эске алынды. Айрыкча, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жарандарга кыргыз тилин үйрөтүү жана жарнама ишмердүүлүгүнө тиешелүү көптөгөн кайрылуулар болду”, – деди комиссиянын төрагасы.   

Социалдык саясат боюнча комитет кечээ, 27-февралдагы отурумунда КР Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды. Талкууда депутат Айбек Маткеримов VII чакырылыштагы парламент шайланып келгенден бери ушуну менен үчүнчү министр алмаштырылып жаткандыгын айтып, -“Мындай көрүнүш тармактагы реформаларды артка гана тартпаса, алдыга сүрөй албайт. Ошондуктан, жоопкерчиликти бир кишиден сурап алганча, экинчи, үчүнчүсү алмаша берип, башталган иштин баш-аягы билинбей орто жолдо кала берүүдө”, - деп сынга алды.

                              СНХ.А.МАТКЕРИМОВ

Райондук билим берүү башкармалыктары акимдер тарабынан дайындалгандыктан, аймактардагы билим берүүгө министрлик гана эмес, жергиликтүү бийлик да жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу талап кылынат. Бул тууралуу суроолоргго жооп берген КР Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин айтымында, элет жерлериндеги мектеп китепканаларын, айылдык клубдарды да агартуучулук айдыңында алгылыктуу пайдалануу керек.

                             СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин кеээ, 27-февралдагы жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган насыя, гранттардын колдонулушу боюнча маалымат угулду. Талкууда депутат Эрулан Көкүлов кытай компаниялары тарабынан курулган жолдордун сапаты начар болуп, тез эле кебетесинен кетип жаткандыгын сынга алды. Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдүн көрүнүштөрүнө ким жооп берерин тактады.

                            СНХ.Э.КӨКҮЛОВ

Кечээ, 27-февралда Төрага Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаштын ачылышына катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип: “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди. Спорттук иш-чаранын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын билдирип, кол тамгасы түшүрүлгөн бокс мээлейин Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.  

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында туман каптайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+8...+13, Ысык-Көл:+4...+9, Талас:+5...+10 градус жылуу болот. Нарын:-1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 28-февралда жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +9...+11 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...