Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 27-февралдагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына тактай келгенде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр биринчи окууда каралат.
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамдын бириктирилген долбоору Социалдык саясат боюнча комитеттин бүгүн, 27-февралдагы жыйынында 3-окууда талкууланмакчы.
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 27-февралдагы отурумунда депутаттар Д.Бекешев, С.Атамбаев, жана Ж.Абиров тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине сунушталган өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Электрондук соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланмакчы.
Депутат Шарапаткан Мажитованын белгилешинче, жер-жерлерде социалдык багытта иш алып баруучу адистер жетишпейт. Бул маселени кайра-кайра көтөрүп отуруп, социалдык тармакта иштөө үчүн кошумча 550 штаттык бирдик каралып жаткандыгы жакшы жылыш, - деп улантты андан аркы сөзүн ал.
СНХ.Ш.МАЖИТОВА
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга каршы турууда, балдардын укуктарын коргоодо медиация тууралуу мыйзам жакшы таасир эте алат, эгер талаптар тең салмактуулукту сактаса - деп билдирди депутат Карим Ханджеза тармактык комитет жыйынында.
СНХ.К.ХАНДЖЕЗА
Медиация тууралуу мыйзам чегинде иштейм, - дегендер атайын лицензия алышы керек. Ал эми сертификациялоо менен ишти илгери жылдырууга мүмкүн эмес, - деген пикирди депутат Динара Ашимова билдирди.
СНХ.Д.АШИМОВА
Депутат Русланбек Жакышев медиация багытында канча адам иштеп жатканын, алардын иш жыйынтыктарын тактап тармактык комитетте тиешелүү тараптарга суроо жолдоду.
СНХ.Р.ЖАКЫШЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 27-февралда Чүй, Ош областтарында туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+8...+13, Ысык-Көл:+2...+7, Талас:+4...+9 градус жылуу болот. Нарын:-2...-7 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 27-февралда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7...+9 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.
Толук окуу...Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...