Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.02.23.

24-02-2023
10:00

Кечээ, 23-февралда Төрага Нурланбек Шакиев Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы Ким Чжин Пхё менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Муну менен катар Түштүк Корея мамлекети Кыргызстандагы демократиялык жаңыланууларга, анын ичинен шайлоо өнөктүктөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгилеген Төрага, - Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылды. Өз кезегинде Улуттук ассамблеянын Төрагасы Ким Чжин Пхё кыргыз-корей тили Алтай тектүү экенин мисал кылып, эки элди байыркы тарыхый байланыштар жакындатып турарын кошумчалады.

Жаз келип теребел көрктөнүүгө муктаж, жер кыртышын жакшыртып, топуракты эрозиядан сактап калуу шарт. Мындай талаптардын зарылдыгын белгилеген депутат Нуржигит Кадырбеков көчөт отургузуу өнөктүгүн өткөрүүдө өрнөк болууга чакырып, бул ишти айрым эл өкүлдөрүнө эстафета кылгандыгын да маалымдады.

                              СНХ.Н.КАДЫРБЕКОВ

Жашылдандыруу жаатындагы жакшы демилгелерге изги иши менен жооп болчу маалыматтар да айтылды. Бул багытка кайрылган депутат Эмил Жамгырчиев борборубуздагы ботаникалык бакчанын боор ооруткан абалына кайрылды.

                              СНХ.Э.ЖАМГЫРЧИЕВ

Экологияга орчундуу көңүл буруу зарылчылыгы жаралып жатканда суунун супсун сууткан тартыштыгы, сууктун сүрдүү күчү Майлы-Суу шаарындагылардын маанайын чөгөргөндүгү маалым. Убагында урунттуу иштерди унуткарып салгандар жооп бериши керек, - деди депутат Кундузбек Сулайманов.

                              СНХ.К.СУЛАЙМАНОВ

Депутат Коргонбай уулу Жусупбек парламент жыйынында этникалык кыргыздар кабылган кырдаалга токтолуп, Ооган жергесинде отурукташып калган кыргыздардын тарыхый жагдайын атап, аларга колдоо көрсөтүүдө көлөкөлөп, көмүскөгө качпайлы, - деди.

                             СНХ. Ж.КОРГОНБАЙ УУЛУ

                               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк – чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+16...+21 Ош, Жалал-Абад, Баткен:+15...+20, Ысык-Көл:+8...+13, Талас:+14...+19 градус жылуу болот. Нарын:-1...-6 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 24-февралда жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +18...+20 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...