Төрага Нурланбек Шакиев жетектеген парламенттик делегация Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Тэгу шаарындагы Корея боёк жана дизайн технологиялар институтунун өндүрүштүк ишканалары менен таанышты. Корея Республикасы текстиль өндүрүшү боюнча дүйнө өлкөлөрү арасында төртүнчү орунда турат. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө өзгөчө орунда тураарын белгилеп, аталган тармак жогорку экспорттук потенциалга жана чоң социалдык мааниге ээ экенин кошумчалады. Ошондой эле бул жолку жолугушууда 2024-2028-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында Санарип текстиль борборун түзүү боюнча 9,3 млн долларлык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Бүгүн, 22-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат.
Депутат Исхак Масалиев курулуш маселесин тескеген комитеттин отурумунда Бишкек шаарындагы үйлөрдүн сапаттуулугуна кайрылып, мындан 40 жыл мурда курулган үйлөрдүн азыркы абалына кызыкты. Ошондой эле бир үйдү текшерүүгө керектелген каражат канча сумманы түзөрүн тактады.
СНХ.И.МАСАЛИЕВ
Депутат Мурадил Сыдыков курулуш тармагындагы лабораториялардын басымдуу бөлүгү жеке менчиктин формасында иш алып барарын белгилеп, текшерүү ишинде бир эле компания өзүнө –өзү тескөөчү болуп алганы иштеги акыйкаттыкка дал келбей каларын сынга алды.
СНХ.М.СЫДЫКОВ
Курулуп жаткан үйлөрдүн бетон куюлмалары атайын лабораториялардын ырастамасын алып, сапатуулугу аныкталат. Бул жагынан кылдат текшерүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш, - деди депутат Элдар Сулайманов.
СНХ.Э.СУЛАЙМАНОВ
Жол куруу тармактарында ата-мекендик компанияларга артыкчылык берилиши башкы зарылчылык, - деп белгилеген депутат Балбак Түлөбаев, - Кыргызстан жол куруу жаатында консорциумга кирүү менен эл аралык тендерлерге катышуу укугун алса алгылыктуу иш болмок, - деп сунуш кылды.
СНХ.Б.ТҮЛӨБАЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 22-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк – чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+13...+18, Ысык-Көл:+6...+11, Талас:+10...+15 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 22-февралда жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +15...+17 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.
Толук окуу...Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...