Бүгүн, 21-февралдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесинин аткарылышын карайт. Бул багытта КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова маалымат берет. Ушул эле жыйында “Электр станциялар” ААКнун борбордук аппаратын Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарына көчүрүү боюнча аталган ААКнун эмгек жамаатынын кайрылуусу тууралуу маамылат да угулмакчы.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүн, 21-февралдагы жыйынында имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу чаралары талкууланат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин бүгүн, 21-февралда өтүүчү отурумунда “Соттук-эксперттик иш жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат.
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору бүгүн, 21-февралда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында талкууланат.
“Дары-дармектер, медициналык техникаларга каралган “жашыл коридордун” иштөөсү талаптагыдай болуусу керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам болчу атайын арабачалардын да арабөк жолдо кармалып турганы кандай? Деги эле гуманитардык жардамдарга каралган жеңилдиктер сөзсүз болууга тийиш”, - деди депутат, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева.
СНХ.В.РАИМБАЧАЕВА
Дыйкандарга колдоо болсун, - деп күйүүчү-майлоочу майларды өз убагында тоскоолдуксуз өткөрүп туруу, унаа тыгындарын азайтуу боюнча кыргыз-казак чек арачыларынын, бажы кызматтарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болуп жатат? –деген суроону депутат Марат Мураталиев көтөрдү.
СНХ.М.МУРАТАЛИЕВ
Депутат Ырысбек Атажанов дыйкандарга жол ачып бербесе, ички керектөөдөн ашкан пияздар чирип жок болоорун эскертип, сырткы экспортко уруксаат берүү жагын карап көрүүнү сунуштады.
СНХ.Ы.АТАЖАНОВ
Жатак мектептердин балдарына каралган камкордук кандай каржылоо менен ишке ашырылат? Бул суроо депутат Элмурза Сатыбалдиевди кызыктырды. Анткени, мындай маселе Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талдоого алынган эле.
СНХ.Э.САТЫБАЛДИЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 21-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+10...+15, Ысык-Көл:+5...+10, Талас:+6...+11 градус жылуу болот. Нарын:-1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 21-февралда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +12...+14 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.
Толук окуу...Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...