“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр Социалдык саясат боюнча комитеттин бүгүнкү, 20-февралдагы жыйынында талкууланат. Түркия Республикасынын ооруканаларына бейтаптарды жөнөтүү үчүн тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе да талкуу объектисине алынмакчы.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бүгүнкү, 20-февралдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулат. Бир нече ратификациялык мыйзам долбоорлору менен катар эле 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуунун план долбоору каралмакчы.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторунун үрөндөрүн өндүрүү, малдын жаңы породаларын өстүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыккан депутат Мейкинбек Абдалиев бул багытта Айыл чарба министрлигине жолдогон суроосуна жооп алды.
СНХ.М.АБДАЛИЕВ
Быйылкы жылда пахта жана тамеки себүү боюнча кандай пландар белгиленип жаткандыгын депутат Алишер Козуев тактады.
СНХ.А.КОЗУЕВ
Дыйкандар өндүргөн пияздар сыртка чыкпай, бөйдө чирип жок болбосун. Мындай маселени кылдат кароо талабын койгон депутат Шайлообек Атазов Айыл чарба министрлигинин стратегиялык пландарына кызыкты.
СНХ.Ш.АТАЗОВ
“Айыл чарба министрлиги тарабынан стратегиялык план түзүлбөгөндүктөн, дыйкандарыбыз жыл сайын “сюрприздерди” күтүшүүдө. Агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоонун узак мөөнөттүү методологиясын иштеп чыгуу зарыл”, - деди депутат Марлен Маматалиев.
СНХ. М.МАМАТАЛИЕВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 20-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+6...+11, Ысык-Көл, Талас:+3...+8 градус жылуу болот. Нарын:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 20-февралда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7...+9 градус жылуу болот.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.
Толук окуу...Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...