Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.02.23.

17-02-2023
10:00

Депутат Нурбек Алимбеков айыл чарба тармагына кайрылып, жайыттардын деградацияга учурап жаткандыгын белгиледи. Алыскы жана жакынкы жайыттардын колдонулушу боюнча маселе көтөрүп, жайыттарга чачыла турган үрөндөрдүн көлөмү көзөмөлдөбү? - деген суроо койду.

                               СНХ. Н.АЛИМБЕКОВ

Депутат Чынгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин кечээки жыйында Баткен областында курулуп жаткан үйлөрдүн аянтына кызыкты. "Трансформация иштери болбогон соң, 103 чарчы метр келген үй ичинде 16 кишинин жашап жатканы жакшыбы?" - деп Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнө суроо жолдоду.

                             СНХ.Ч.АЖИБАЕВ

Бийик тоолуу райондордун калкына каралган айлык акы 10-50%га чейин айырмаланат. Демек, бул негизде түзүлгөн тоолуу райондордун тизмесине кирген айылдар тыкыр иликтенет. Мындай маалыматтар депутат Бактыбек Чойбеков койгон суроого жооп иретинде кайтарылды. Эл өкүлү ошол эле мезгилде Талас областындагы Көпүрө-Базар айылы деңиз деңгээлинен канча метр бийик тургандыгын аныктоо үчүн картографтар иш алып барып жаткандыгын билдирди.

                            СНХ.Б.ЧОЙБЕКОВ                        

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында туман каптап, жаан аралаш кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+4...+9, Талас:+2...+7, Ысык-Көл:+3...+8 градус жылуу болот. Нарын:-4...+1 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 17-февралда жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6...+8 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...