Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.02.23.

16-02-2023
10:00

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеш жазгы талаа жумуштарына даярдык маселесин карайт. Талкууга Министрлер Кабинети толук курамы менен келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет, - деп билдирди Төрага Нурланбек Шакиев.

                               СНХ.Н.ШАКИЕВ

Жергиликтүү маанидеги жолдор менен республикалык маанидеги жолдорго теңсиздик мамиле жасалып жатканы жакшы эмес, - дейт депутат Максатбек Сарбагышев парламенттин жыйынында. Ошондой эле депутат Бишкек-Ош жолундагы абал, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун көрүнүшү тууралуу суроолорго жооп күттү. Андан тышкары, альтернативалуу жол боюнча оюн уланткан эл өкүлү айланма жолду ижирага алсам, мага берилеби, жол-жобосу кандай? - деген суроону да тактады.

                             СНХ.М.САРБАГЫШЕВ 

Депутат Мирлан Самыйкожо жол куруу иштерине ошол аймактагы  Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин бирден өкүлүн кошсок жакшы болмок, - деп сунуштады. Анткени, - дейт депутат, - ал өкүл жолго кеткен ыгым-чыгымдардын  чып-чыргасын коротпой көзөмөлгө алмактыгын айтып.

                           СНХ.М.САМЫЙКОЖО                         

"Жолдорго жасалган мамиледе Чүй областындагы жолдор жаадыдан чыгып калгандай... Бул борбордук областка жарашпай турган жагдай..." - деген суроого кайрылган депутат Аманкан Кенжебаев Министрлер Кабинетинен жооп күттү.

                          СНХ.А.КЕНЖЕБАЕВ                             

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-февралда өлкө аймагында кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+3...+8, Талас:+2...+7, Ысык-Көл:+1...+6 градус жылуу болот. Нарын:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 16-февралда түштөн кийин жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6...+8 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 21. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 20. 09.23.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында  “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 09.23.

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык маселесин карайт.

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 18. 09.23.

Бүгүн, 18-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Ысык-Көл областынын Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15. 09.23.

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  тармактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 14. 09.23.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына арналган иш чара өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...