Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 02.02.23.

02-02-2023
10:00

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 2-февралдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. “Кооперативдер жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрү да бүгүнкү жыйындын күн тартибинде.  “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлɵр экинчи окууга чыгарылат.  “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык Мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууланмакчы. 

Парламенттин кечээки, 1-февралдагы жыйынында медициналык буюмдар менен медициналык техникаларды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Талкууда депутаттар тарабынан  гемодиализ аппаратынын наркы канча турары такталды. Бул суроонун аныгын билип, ар бир регионго жеткиликтүү болгондой борборлорду уюштурууга качан жетишилет? – деген депутат Кундузбек Сулайманов, - Токтогул районунда ушундай борбордун пайдубалы курулуп, ошол бойдон ара жолдо тургандыгын билдирди.

                             СНХ.К.СУЛАЙМАНОВ

Депутат Султанбай Айжигитов Баткен областында да гемодиализ борборун ачуу сунушун айтып, бул андагы элдин бирден-бир талабы экендигин белгиледи.

                            СНХ.С.АЙЖИГИТОВ

Региондордогу медициналык мекемелердин абалы олуттуу көңүл бурууну талап кылат. Андагы адистердин кесипкөйлүгү жогору болгону менен, алардын медициналык жабдыктарга болгон муктаждыгы көп мүмкүнчүлүктөргө тоскоолдук жаратууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңеш депутаты, “Ишеним” фракциясынын лидеринин орун басары Русланбек Жакышов “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                           СНХ.Р.ЖАКЫШОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-февралда  Жалал-Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын областттарынын айрым райондорунда кар аралаш жаан жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+5...+10, Ысык-Көл:+1...+6, Талас:+4...+9 градус жылуу. Нарын:-1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-февралда түштөн кийин жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +8...+10 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 05.23.

Бүгүн, 19-майда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматын угат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...