Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 31.01.23.

31-01-2023
10:00

Кечээ, 30-январда  Жогорку Кеңеш Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин биринчи жыйыны болуп  өттү. Жыйында Төрага Нурланбек Шакиев актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү талкуулап, аларды биргелешип чечүү үчүн бул шарт – эң мыкты диалог аянтчасы экендигин белгиледи. Ошондой эле спикер жаратылышка аяр мамиле жасоо жана аны коргоо, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу зарылыктарына токтолуп,  Кыргызстандын келечеги үчүн чоң тобокелчиликтерди жараткан негизги экологиялык көйгөйлөргө кайрылды.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин Төрагасынын орун басарлык милдетин депутат Камила Талиева алып барат. Анын баяндамасында БУУнун Башкы ассамблеясы Президентибиздин демилгесин колдоп, 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялангандыгы айтылды. “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү климаттык көйгөйлөрдү жеңүү үчүн абдан актуалдуу жана зарыл кадам экенин белгилеп кетким келет, себеби комплекстүү мамиле гана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдар, жеке сектор жана бизнес түзүмдөрү иш жүзүндө ишке ашыруу жана республиканын тиешелүү региондорунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу координациялоого мүмкүндүк берет”, - деди Камила Талиева.

Ушул эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин Төрагасынын дагы бир орун басары депутат Динара Ашимова. Ал түзүлүп жаткан Кеңештин максаттары тууралуу айтып, алдыдагы иштердин форматын биргелешип иштеп чыгууну сунуштады. “Кеңеш калктын экономикалык бакубаттуулугун, алардын социалдык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн шартында өлкөнүн уникалдуу экологиялык системасын сактоого жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында ырааттуу иш алып баруучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Анын негизги максаттары – тиешелүү сунуштарды даярдоо, бардык кызыкдар тараптардын ишин координациялоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү”, - деди Д.Ашимова.

Бүгүн 31 – январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин ишмердилүүгү тууралуу маселени карайт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бүгүнкү, 31-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү каралат. Ошондой эле “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө көңүл бурулмакчы.

Жер алууга деп кайрылган жарандардын арыздарынын так жооп алышы кыйлага создуктурулууда. Себеби, мында бюрократиялык бут тосуулар далай ишти аксатып жатат, - деп сынга алды депутат Аманкан Кенжебаев тармактык комитеттин кечээки отурумунда.                          

                                СНХ.А.КЕНЖЕБАЕВ

Баткен областынын Арка айылындагы курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты жакшы, заманбап нормаларга төп келет. Бирок, иштин жай-баракат созулушу, жерлердин тартыштыгы эл көтөргөн маселелердин социалдык көйгөйү, - деп билдирди депутат Жалолидин Нурбаев Агрардык саясат боюнча комитеттин жыйынында.                                

                                СНХ.Ж.НУРБАЕВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.  Калган башка аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен:0...+5, Талас:+1...+6 градус жылуу. Нарын:-1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31-январда кар жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5...+7 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 19. 05.23.

Бүгүн, 19-майда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматын угат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...